Санни Эдвардс Галал Яфай

Кесипкөй боксунун өткөн аптадагы урунтуу учурлары. Галал Яфай, Эржан Тургумбеков

Author
Кыраан командасы

2 декабрь 2024 16:40

Ар дүйшөмбү биз сиздерге өткөн аптадагы кесипкөй боксунун урунтуу учурларын чагылдырып турабыз. Мунусунда биздин көңүлүбүздү тарткан эки гана беттеш болду.
 

Негизги 4 уюмдун бири болгон WBCнин 51 кг убактылуу чемпиондук куру үчүн рингге Санни Эдвардс менен Галал Яфай чыкты. Санни мурда IBF чемпиону болуп, 4 жолу курун коргогон, бирок бириктирүүчү беттеште ошондо WBO чемпиону Джесси Родригеске жеңилип калган. Галал 2021-жылы Олимпиададан алтын алгандан кийин гана кесипкөй карьерасын баштаган. Галал беттешти агрессивдүү баштап, Саннини эрте коргонууга мажбурлап, матчтын жүрүшүндө кысым көрсөтүүнү улантты. Үчүнчү раундда бираз ийгиликке жетишкенине карабастан, Санни Галалдын активдүүлүгү менен күрөшө албай кыйналып, төртүнчү раундда чарчаганы сезиле баштады. Алтынчы раундда рефери беттешти токтотту. Жеңилүүдөн кийин Санни Эдвардс бизнеске жана үй-бүлөгө көңүл бурарын айтып, карьерасын аяктаганын жарыялады. Ал эми Галал Яфай толук чемпион Кениширо Теражинин курун талашат.
 

51 кг WBC убактылуу куруна
✅ Галал Яфай (9-0, 7 КО), Улуу Британия
🤙 6-раунд, ТКО
❌ Санни Эдвардс (21-2, 4 КО), Улуу Британия
 

 

Биздин кесипкөй боксчубуз Эржан Тургумбеков да рингге кайткан. Ал дээрлик 3 жылдык тыныгуудан кийин 14-беттешин өткөн аптада АКШда өткөргөн. Бирок тилекке каршы, калыстардын чечими менен жеңилип калды.
 

63.5 кг 
❌ Эржан Тургумбеков (9-4-1, 2 КО), Кыргызстан
🤙 калыстардын чечими
✅ Визли Риверс (8-5, 3 КО), АКШ
 

✔Булак - boxingscene.com, boxrec.com
 

Тектеш темалар