Эмануэль Наваррете

Кесипкөй боксунун өткөн аптадагы урунтуу учурлары. Эмануэль Наваррете жана башка чемпиондор

Author
Кыраан командасы

9 декабрь 2024 19:09

Ар дүйшөмбү биз сиздерге өткөн аптадагы кесипкөй боксунун урунтуу учурларын чагылдырууну улантуудабыз. Мунусунда биздин көңүлүбүздү тарткан үч беттеш болду.

 

Негизги 4 уюмдун бири болгон IBFтин 63.5 кг жаңы чемпиону болуп Ричардсон Хитчинс аталды. Ал чемпиондукту Лиа Паро менен болгон беттеште жеңип алды. Эки боксчу Пуэрто-Рикодо рингге чыгышкан. Калыстардын эсептери 116-112, 116-112, 111-117 болду. Беттеш Ричардсон үчүн оор башталганына карабастан, машыктыруучусу Ленни Уилсондун сөздөрүнөн кийин, ал бешинчи раундда жеңе баштады. Ричардсон Хитчинс акыркы раунддарда так соккулар жана стратегиялык кыймылдар менен үстөмдүк кылды. Эми ал WBO чемпиону Теофимо Лопес менен Нью-Йоркто эки курду бириктирүүчү беттешүүнү көздөп жатат.

 

63.5 кг IBF куруна
✅ Ричардсон Хитчинс (19-0, 7 КО), АКШ
🤙 тартыш чечим
❌ Лиам Паро (25-1, 15 КО), Австралия

 

Рафаэль Эспиноза Робейси Рамирести жеңип 57 кг WBO курун экинчи жолу коргоду. 6-раундда Рафаэльдин соккусунан кийин Робейсинин көзү тунарып, ал беттешти улантпоону чечти. Робейси атаандашынын мурунку чыканак соккулары көзүнө зыян келтиргенин айтып, калыс чара көрбөгөнүн белгиледи. Рафаэль өзүнүн үстөмдүгүн сезип, беттеш анын пайдасына ооп баратканын айтты. Эми чемпион өз категориясында бириктирүүчү беттештерди көздөп, болбосо 59 кг салмакка өтүүнү пландоодо.

 

57 кг WBO куруна
✅ Рафаэль Эспиноза (26-0, 22 КО), Мексика
🤙 6-раунд, ТКО
❌ Робейси Рамирес (14-3, 9 КО), Куба

 

Эмануэль Наваррете WBOнун 59 кг курун үчүнчү жолу коргоду. Ал күчтүү соккулары менен алтынчы раундда атаандашы Оскар Вальдесди ТКО менен жеңди. Оскардын чыдамкайлыгына карабастан, Эмануэль агрессивдүү стратегиясы жана оор соккулары менен аны үч жолу нокдаун кылып, жеңип алды. Мурунку беттеште бир категория өйдөгө чыгып, жеңилүү ызаасын тарткан. Мунусунда өзүнүн өнүккөн чеберчилигин жана карьерасын өстүрүү чечкиндүүлүгүн көрсөттү.

 

59 кг WBO куруна
✅ Эмануэль Наваррете (39-2, 32 КО), Мексика
🤙 6-раунд, ТКО
❌ Оскар Вальдес (32-3, 24 КО), Мексика

 

 

✔Булак - boxingscene.com, boxrec.com
 

Тектеш темалар