8 сентябрь 2024 20:07
Бүгүн Бириккен Араб Эмирликтеринин Аль-Айн шаарында бокс боюнча U17 & U15 Азия Чемпионатынын 10-күнү аяктады. Негизинен бул мелдеш эртең U17 финалдары менен жыйынтыкталат. Бүгүн мелдештин U15 бөлүгү бүттү.
Азия бокс конфедерациясынын чечими боюнча U17 (юниорлор) категориясына 2008-2009-жылы туулгандар катыша алат. Ал эми, U15 (өспүрүмдөр) категориясына 2010-2011-жылы туулгандар катыша алат.
U15 бөлүгү биз үчүн тарых жаралуу менен аяктады. Камил Шар 67 кг салмакта өспүрүмдөр (U15) арасы Кыргызстан үчүн алгачкы ирет Азия Чемпиону аталды. Андан сырткары бул жаш категорияда боксчуларыбыз 2 күмүш, 7 коло багындырышты.
Командалык жыйынтык (26 өлкөнүн ичинен):
1) Казакстан - 🥇x 12, 🥈 x 7, 🥉 x 7
2) Индия - 🥇x 8, 🥈 x 5, 🥉 x 9
3) Украина - 🥇x 5, 🥈 x 10, 🥉 x 9
6) Кыргызстан - 🥇x 1, 🥈 x 2, 🥉 x 7
Бокс өспүрүмдөр (U15), жеңүүчүлөрүбүз:
🥇 Камил Шар, 67 кг
🥈 Назарбай Кендирбаев, 70+ кг
🥈 Ризван Исаев, 52 кг
🥉 Улукбек Абдуманбетов, 64 кг
🥉 Темирлан Абыталиев, 55 кг
🥉 Нурсултан Жумалиев, 46 кг
🥉 Муслим Паншер, 43 кг
🥉 Ариет Санжарбеков, 40 кг
🥉 Жасурбек Икромидинов, 37 кг
🥉 Ташкул Амангелдиев, 35 кг
Бүгүнкү жыйынтык:
U15 52 кг финал
❌ Ризван Исаев, Кыргызстан
🤙 2:3
✅ Нурислам Онгалбек, Казакстан
U15 67 кг финал
✅ Камиль Шар, Кыргызстан
🤙 5:0
❌ Юнус Салихов, Украина
U15 70+ кг финал
❌ Назарбай Кендирбаев, Кыргызстан
🤙 0:5
✅ Дмитро Косяненко, Украина
Эртеңки беттештер (9-сентябрь):
U17 57 кг финал
Кутманбий Муратов, Кыргызстан
vs
Жахонгир Зайнидинов, Өзбекстан
U17 66 кг финал
Ахмади Арваз, Кыргызстан
vs
Жасурбек Усмонжонов, Өзбекстан
✔Булак - IG: @boxingkyrgyzstan , asbcnews.org