18 декабрь 2024 12:49
Эмирхан эң оор салмакта күрөшөт. Дзюдо боюнча жаштар арасында жана кадеттер арасында Азия чемпиону. Самбо боюнча жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону. Бою - 200 см, жашы - 19.
-Сени өстүргөн бир машыктыруучу барбы же ар жакта машыгып жүргөнсүңбү?
-Жок, мени Новопавловкада Ильгиз Каналбек уулу машыктырып, өстүргөн. Ал менин биринчи жана жеке машыктыруучум. Ильгиз агайдын кулагы оор, бирок бала кезимден эле сүйлөшүү жолдорун түзүп алганбыз. Жакында өзү да Азия-Тынч океан сурдо оюндарында дзюдо боюнча коло медалын жеңип келди.
-Самбо менен дзюдо окшош болгону менен бир топ эле айырмачылыктары бар. Кантип эки жакта тең чоң ийгиликтерге жетип жүрөсүң?
-Ооба кыйналгандар бар. Алардын кармоолору (захват), күрөшүнүн баары дзюдого каршы болуп калат. Бирок мага Ильгиз агай кичинемден эле дзюдого да, самбого да ыңгайлуу стиль койгон. Мен оң колум менен өйдөдөн кармап күрөшөм, буттан кармабайм, боюм узун болгондуктан да мага ушул ыңгайлуу. Агай ошондо эле мени дзюдого даярдаган.
-Башкаларга салыштырмалуу партерде көп иштейт экенсиң, муунтуу ыкмаларын көп колдоносуң, ошол туралуу айтсаң.
-Агайыбыз өзү партерде аябай жакшы иштейт. Кичинебизден бери жумасына 1-2 жолу дайым партерди үйрөтчү. Дзюдочулардан сурасаңыз, партерден самбочулар күчтүү деп айтат. Дзюдодо да ыргытмадан кийин кармоом (захват) калып кетет да, ошону эле иле калам. Быйылкы Азия чемпионатында финалда өзбек дзюдочусун ошентип муунтуу ыкмасы менен жеңдим, ага чейинки экөөнү партерде басып кармоо менен жеңдим.
-Карап көрсөм, бардык атаандаштарыңдан узун экенсиң. Сенден узундар менен күрөшкөнсүңбү?
-Ооба, көбүнчө менден бою кыскараактар менен күрөшөм. Мен менен тең болуп калса, мага ыңгайсыз болуп калат. 2022-жылы менен узун канадалык дзюдочу менен күрөшкөм, ошондо утулуп калгам. Ал ошондо кадеттер арасы дүйнө чемпиону болгон. Бирок негизи бар узун, чоң дзюдочулар.
-Негизги ыкмам учимата (подхват) деп калдың, аны узун болуп кыскаларга кылыш оор эмеспи?
-Арыгыраак, узун, мага окшошураак болсо, жакшы өтөт. Бирок өтө эле оор, нык болсо, анда хиккоми гаэши (голень) же ошол сыяктуу ыкмаларды жасаган жакшы.
-Оор салмакта чектөө жок да, азыр канча килограммсың?
-Азыркы салмагым 114 кг тегереги
-Диета кармайсыңбы?
-Ообы диета кармайм, таттуу, нан жебегенге аракет кылам, бирок эт, күрүч жей берем. Бирок салмак кылыш керек деп кыйналбайм, ойлонбойм.
-Диетологуң барбы же команданын диетологу?
-Жок, бизде андай жок. Байкелерден, билгендерден сурап эле үйрөнөм.
-Бекболот Токтогонов, Юрий Краковецкий менен күрөшкөнсүңбү?
-Ооба, мурда Юрий байке менен машыгууларда көрүшүп, күрөшүп калчу элек. Азыр өзү машыктыруучу болуп кетти. Бекболот байке менен көп эле күрөшөбүз, машыгабыз. Ал байкенин стили башка, сологой дагы, бирок машыгууга өтө жакшы, түшүп берет, айтып турат. Анан негизи биздин салмакта спарринг партнёрлорду көбүнчө эл аралык машыгуу жыйындардан табабыз да. Ошол жактарга көп барып, тажрыйба алып туруш керек.
-Өзүңдү ким катары идентификациялайсың, самбочубу же дзюдочубу?
-Негизи дзюдого басым кылып жатабыз, максаттарды ошол спортко койдук, бирок мен өзүмдү дайым самбочу катары идентификациялайм. Себеби бала кезимден бери самбочу болуп көнүп калгам. Уялбай эле айтам самбочумун деп. Кээ бирлери жаман көрүшөт, бирок кичинемде түптөлгөн пайдубалымды унутпаш керек деп эсептейм.
-Азыр активдүү сага жаккан 3 дзюдочу, дүйнө жүзүндө
-1-Матвей Канниковский, 2-Таканори Нагасэ, 3-Жоширо Маруяма
-Башка кайсы спортту көп көрөсүң?
-Баарыбыз көргөн эле көк бөрүнү
-Жакшы көргөн улакчың?
-Эми Манас Ниязов да))
✔Булак - www.kyraan.kg