ирандык балбан 20жаш

Грек-рим күрөшүнөн Иран эң мыкты болду, Казакстан да алдыда. U20 Дүйнө Чемпионатынын 3-күнүнүн жыйынтыгы

Author
Кыраан командасы

4 сентябрь 2024 19:54

Бүгүн Испаниянын Понтеведра шаарында грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча U20 Дүйнө Чемпионатынын 3-күнү аяктады. Бул чемпионат 8-сентябрда аягына чыгат. Понтеведрага 59 өлкөдөн 700гө жакын балбан ат салышты. Алар үч түрдөн жалпысынан 30 медал топтому үчүн күрөшөт.

 

Грек-рим бөлүгү биз үчүн 1 алтын, 1 коло медалы менен аяктаган болчу. Бүгүн кыз-келиндер күрөшү башталды. Эки балбан кызыбыз чыгып, тилекке каршы экөө тең жеңилип, медалсыз калышты. Эртең дагы эки балбан кызыбыз чыгат. Мелдештин жүрүшү биздин сайтта.

 

Грек-рим күрөшү, командалык жыйынтык (43 өлкөнүн ичинен):
1-орун Иран 147 упай
2-орун Казакстан 100 упай
3-орун Түркия 98 упай
8-орун Кыргызстан 58 упай


Бүгүнкү жыйынтык:

 

59 кг 1/8
❌ Айтолкун Медет кызы, Кыргызстан
🤙 2:4
✅ Комал Комал, Индия

 

68 кг 1/8
✅ Гүлнура Таштанбекова, Кыргызстан
🤙 18:7
❌ Кейтлин Дэвис, АКШ

 

68 кг 1/4
❌ Гүлнура Таштанбекова, Кыргызстан
🤙 1:13
✅ Каролина Домацук, Польша

 


Бүгүнкү финалдар:

 

60 кг финал
✅ Мохаммадмехди Голампур, Иран
🤙 9:0
❌ Сервет Ангы, Түркия

 

67 кг финал
✅ Ахмадреза Нежад, Иран
🤙 2:0
❌ Юссуф Ашрапов, Казакстан

 

72 кг финал
❌ Заур Беслекоев, Бейтарап Атлеттер
🤙 6:5
✅ Ашот Хачатрян, Армения

 

82 кг финал
✅ Ислам Евлоев, Казакстан
🤙 9:3
Алперен Бербер, Түркия

 

97 кг финал
✅ Ехор Якушенко, Украина
🤙 6:4
❌ Дариус Киефер, Германия

 

 

✔Булак - uww.org
 

Тектеш темалар