24 июнь 2024 06:15
Кечээ Иорданиянын Амман шаарында Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча U17 Азия Чемпионатынын Грек-рим бөлүгү жыйынтыкталды. Натыйжада биз 2 коло медалы менен командалык 7-орунду ээледик.
Грек-рим күрөшү, командалык жыйынтык (14 өлкөнүн ичинен):
1-орун Өзбекстан 215 упай
2-орун Иран 200 упай
3-орун Казакстан 148 упай
7-орун Кыргызстан 76 упай
Биздин жеңүүчүлөр:
🥉 Ислам Темирбеков, 48 кг
🥉 Элдар Мурзакулов, 55 кг
Бүгүн U17 Азия Чемпионатынын кыз-келиндер бөлүгү жыйынтыкталат.
✔Булак - uww.org