24 август 2024 08:48
19.08.2024 Иорданиянын Амман шаарында грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча U17 Дүйнө Чемпионаты башталган. Кыз-келиндер жана грек-рим бөлүмдөрү аягына чыкты, эртең эркин күрөш бөлүмү да жыйынтыкталат. Грек-рим күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча биздин жыйынтыктар төмөндө.
Кыз-келиндер күрөшү, командалык жыйынтык (38 өлкөнүн ичинен):
1-орун Индия 185 упай
2-орун Жапон 146 упай
3-орун Казакстан 79 упай
27-орун Кыргызстан 0 упай, 10 салмактан 5 балбан кызыбыз барган
Грек-рим күрөшү, командалык жыйынтык (33 өлкөнүн ичинен):
1-орун Иран 140 упай
2-орун Өзбекстан 113 упай
3-орун Азребайжан 105 упай
9-орун Кыргызстан 55 упай, 10 салмактан 10 жаш балбаныбыз барган
Грек-рим күрөшү, жеңүүчүлөрүбүз:
🥈 Кутман Калбаев, 51 кг
🥉 Бекжан Бейшембаев, 45 кг
Кыз-келиндер күрөшүнөн эч ким медал ала алган жок.
✔Булак - uww.org