9 июнь 2024 19:42
Бүгүн Мажарстандын Будапешт шаарында "Поляк Имре & Варга Янош – 2024" рейтингдик мелдешинин жыйынтыкталуу күнү. Биздин курамабыздан эркин күрөш балдандарыбыз гана барган.
Мелдештин акыркы күнүндө Грек-рим күрөшүнүн балбандары килем үстүнө чыгышты. Грек-рим бөлүмүнө катталгандардын арасында дүйнө лидерлери, дүйнө чемпиондору, Олимпиада Оюндарынын жеңүүчүлөрү бар болчу. Атаандаштык жогорку деңгээлде болуп, күрөш аябай кызыктуу болду. Биздин күйөрмандар Акжолдун, Жоламандын, Үзүрдүн, Амантурдун быйылкы Олимпиададагы потенциалдуу атаандаштарын көрө алышты.
Грек-рим күрөшү, командалык жыйынтык (28 өлкөнүн ичинен):
1-орун Иран 173 упай
2-орун Грузия 137 упай
3-орун Мажарстан 113 упай
Грек-рим күрөшү:
55 кг
🥇 Эльдениз Азизли
🥈🇮🇷 Пуйя Дадмарз 🥈
🥉🇬🇪 Нугзари Цурцумия
67 кг
Бул салмакта эң таң калдырган балбан - ирандык жаш Саид Эсмайли Лейвеси (U20 дүйнө чемпиону) болду. Ал балбан жарым финалга чейин атаандаштарын ири айырма менен жеңип келди. Жарым финалда атаандашын - Луис Орта Санчести (67 дүйнө чемпиону, 60 Олимпиада чемпиону) жеңип баратып, акыркы 2 секунда калганда артын карап, майрамдап баштаган. Ошондо Санчес 4 баллдык ыкма жасаганы жетишти, ыкма беттештин бүтөрүнө 0.1 секунда калганда катталды. Грузиялык Лери Абуладзе (63 дүйнө чемпиону) жарым финалда дүйнө жана Олимпиада чемпионун - Мохамедреза Гераини жеңип алды.
🥇 Луис Орта Санчес (Куба)
🥈 Лери Абуладзе (Грузия)
🥉 Мохамедреза Гераи (Иран)
🥉 Саид Эсмайли Лейвеси (Иран)
72 кг
🥇 Хасрат Жафаров (Азербайжан)
🥈 Мустафа Аламелдин (Египет)
🥉 Кристиан Ванца (Мажарстан)
🥉 Сейед Сохраби (Иран)
77 кг
Бул салмакта Акжолду Азия Чемпионатында жеңген Нао Кусака чемпион болду. Жарым финалда Санан Сулеймановду (UWW 1-орун) 2:1 эсеби менен жеңип, финалда болгариялык Аик Мнатсаканянды жеңди. Мажарстандык Золтан Леваи чейрек финалда килем үстүнө чыкпады. Ирандык Мохамад Гераи Санан Сулеймановго чейрек финалда жеңилип калды.
🥇 Нао Кусака (Жапон)
🥈 Аик Мнатсаканян (Болгария)
🥉 Мохаммад Мохтари (Иран)
🥉 Йосванис Флоресс (Куба)
82 кг
🥇 Эрик Силвасси (Мажарстан)
🥈 Гела Болквадзе (Грузия)
🥉 Михаил Браду (Молдова)
🥉 Карло Кодрич (Хорватия)
87 кг
🥇 Семен Новиков (Болгария)
🥈 Давид Лошонци (Мажарстан)
🥉 Мохаммад Ибрахим Махмуди (Иран)
🥉 Бачир Сид Азара (Алжир)
97 кг
🥇 Мохаммад Сарави (Иран)
🥈 Алекс Герго Сзоке (Мажарстан)
🥉 Гиорги Мелиа (Грузия)
🥉 Шаян Хабибзаре (Иран)
✔Булак - uww.org