7 ноябрь 2024 16:07
Эрлан Шеровду азыркы кыргыз дзюдосунун жүзү деп эсептесек болот. Дүйнөлүк рейтингдерде топ 5ке кирген жалгыз дзюдочубуз. Париж Олимпиадасында туубузду көтөрүп өткөн.
Карьерасынын башында -81 кг салмакта күрөшүп жүрүп, кийинчерээк -90 кг категориясына өткөн. Дал ушул салмакта чоң ийгиликтерге, тарыхий жеңиштерге жетип келе жатат. Ошолордун арасынан эң алдынкы 5 жеңишине көз салалы.
Дүйнө Чемпионатынан медал алган алгачкы кыргыз балбаны.
Быйыл Абу-Дабиде Эрлан колону багындыруу менен, Кыргызстандын капчыгына тарыхий медалды камсыздады. Мелдештин жүрүшүндө 1/16 баскычтан баштап жарым финалга чейин жеткен. Жарым финалда кийинчерээк чемпион болгон жапониялык балбанга жеңилген. Коло үчүн болгон беттеште италиялык жаштар арасы дүйнө чемпиону жана чоңдор арасы вице-чемпиону менен күрөшүп, чеберчилигин толук көрсөттү. Экөө тең бел боодон кармап турган учурда, Эрлан контр чабуул жасап, иппон менен коло медалын жеңген. Муну комментатор: “Бул чөлкөмдүн өкүлдөрү менен бел боодон кармашып күрөшүү жакшы идея эмес” - деп баса белгилеген.
2022 Азия Оюндарынын чемпиону.
Бул мелдеш пландалгандан бир жыл кеч Кытайдын Ханчжоу шаарында 2023-жылы сентябрь айында өткөн. Эрлан 1/8 финалда кытайлык атаандашын вазари менен, чейрек финалда ливандык легионерди шидо менен, жарым финалда ОАЭлик легионерди иппон менен жеңип финалга чыккан. Атаандашы өзбекстандык дүйнө чемпиону жана бул мелдештин фаворити Давлат Бобонов болгон. “Күч атасын тааныбайт” - деп чыккан Эрлан “бросок за два рукава” ыкмасы менен вазари алып, беттешти жеңип, желегибизди бийик желбиреткен. Бул учур кыргыз дзюдосунун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды.
Улан-Батор Гран Слам 2023 мелдешинин вице-чемпиону.
1/8 финалда жана чейрек финалда атаандаштарын сеонаге (бросок через спину) менен иппон кылып жеңген. Жарым финалда орусиялык күчтүү Мансур Лорсановду да эки жолу сеонаге ыкмасы менен ыргытып, эки вазари алып, мөөнөтүнөн эрте уткан. Тилекке каршы, финалда катачылык кылып, башка орусиялык балбанга шидо менен жеңилип калган. Бирок Эрлан Шеровдун бул мелдештеги көрсөткөн чеберчилиги анын спорттогу күчтүү атаандаш экенин дагы бир жолу далилдеди.
Париж Гран Слам 2024 мелдешинде коло жеңген.
Бул өзгөчө ири мелдешке 107 өлкөдөн 621 дзюдочу катышып, спорттун лидерлери чогулган эле. Эрлан 1/16 жана 1/8 баскычын ийгиликтүү өтүп, чейрек финалда утулуп калган. Бирок, жубатуучу беттештеги кыл чайнашкан күрөштө Эрлан акыркы секунддарда эсепти теңеп, беттешти алтын упай бөлүгүнө алып өткөн. Кошумча бөлүктө Эрлан алгачкы болуп ийгиликтүү ыкма жасап, жеңишти камсыздаган. Коло медалы үчүн болгон беттеште балбаныбыз бразилиялык күчтүү Рафаэл Маседонун бутун артынан чалып, кооз иппон жараткан. Бул Эрландын күчтүү, тырышчаак жана таланттуу дзюдочу экенин айгинелейт.
Азия Чемпионаттарынын эки жолку медалисти.
Эрлан 2022-жылы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында күмүш медалын жана 2024-жылы Гонконгдо өткөн Азия чемпионатында коло медалын багындырды.
Эрлан Шеров өзүнүн чеберчилиги жана кайраттуулугу менен кыргыз дзюдосун жаңы бийиктиктерге чыгарып келет. Ал али да табында, өзүнүн күчү жана умтулуусу менен алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишери шексиз. Эрландын спорттогу жолунан дагы көптөгөн жеңиштерди күтөбүз.
✔Булак - Youtube, ijf.org