26 июнь 2024 02:48
Кечээ Иорданиянын Амман шаарында Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча U17 Азия Чемпионаты жыйынтыкталды. Акыркы күнү эркин күрөш менен аяктады. Натыйжада биздин курама 1 коло, 2 күмүш, 3 алтын медалы менен командалык 2-орунду ээледи.
Эркин күрөш, командалык жыйынтык (16 өлкөнүн ичинен):
1-орун Иран 183 упай
2-орун Кыргызстан 156 упай
3-орун Казакстан 151 упай
Биздин жеңүүчүлөр:
🥇 Садыр Кайыпбеков, 45 кг
🥇 Өмүрбек Асан уулу, 60 кг
🥇 Нурсадык Нурдинов, 65 кг
🥈 Нуртилек Замирбеков, 51 кг
🥈 Курстанбек Исаков, 55 кг
🥉 Самидулло Алимжанов, 80 кг
Эртең U23 Азия Чемпионаты башталат.
✔Булак - uww.org