29 август 2024 17:06
Бүгүн Түштүк Кореянын Мунгён шаарында кадеттер арасы Азия Чемпионаты башталды. Алгачкы күнү эки дзюдочубуз медалга жетти.
*Эл аралык дзюдо федерациясынын эрежелери боюнча кадет болуп 18 жаштагы же андан жаштар эсептелинет.
Дзюдо кадеттер, жеңүүчүлөрүбүз:
🥉 Марсель Түмөнбаев, 50 кг
🥉 Адис Орозмаматов, 60 кг
Бул чемпионат 2 күнгө пландалган. Эркектер жана кыз-келиндер арасы 16 салмак категорияларына жалпысынан 20 кадет дзюдочубуз катталган. 16 өлкөдөн 169 дзюдочу күч сынашууда. Эртең бул чемпионат жыйынтыкталат.
Андан кийин 31-августта ошол эле жерде юниорлор арасы Азия Чемпионаты башталып, 1-сентябрда жыйынтыкталат. Юниорлордун жарышына 17 өлкөдөн 165 атлет эркектер жана кыз келиндер арасы 14 медал топтомун талашат, анын ичинде биздин 18 дзюдочубуз бар.
*Эл аралык дзюдо федерациясынын эрежелери боюнча юниор болуп 21 жаштагы же андан жаштар эсептелинет.
✔Булак - IG: @kyrgyz_judo_federation , www.wikipedia.org , www.judotv.com