13 январь 2025 13:49
22-февралда Сауд Арабиясынын борбор калаасында мекендешибиз Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев экинчи беттешин өткөрөт. Эске сала кетсек, 2024-жылдын 12-октябрында Артур Бетерибев 116:112, 115:113, 114:114 эсеби менен Дмитрий Биволду жеңип, бокс дүйнөсүндө негизги катары эсептелинген 4 уюмдун курларынын ээси болуп, орто оор салмактын абсолюттук чемпиону аталган. Эми реваншта ким жеңсе, ошол боксчуга абсолюттук чемпион макамы өтөт.
Дмитрий Бивол дүйнөдө советтик бокс стилинин эң көрүнүктүү өкүлү болуп эсептелинет. Беттештерде бут менен жакшы кыймылдайт, жеб соккусун керемет колдонот, колдорун бийик кармайт. Чынында эле жеткирилген жана кабыл алынган соккулардын айырмасында өз салмагында лидер болуп эсептелинет. Акыркы 7 беттешиндеги статистика төмөнкүдөй:
Орточо эсеп менен 1 раундда
15.8 сокку жеткирет,
7.1 сокку кабыл алат,
8.9 жеб соккусун жеткирет,
соккулардын таамайдыгы 32.3%.
✔Булак - compubox