Бивол Бетербиев

Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин беттешине 4 күн калды!

Author
Кыраан командасы

8 октябрь 2024 18:44

12-октябрда Сауд Арабиясынын борбор калаасында дүйнөнүн бокс коомчулугу күтүп аткан беттеш өтөт. Кыргызстанда туулган Дмитрий Бивол (23-0, 12 КО) менен бардык атаандаштарын нокаут менен жеңген Артур Бетербиев (20-0, 20 КО) орто оор салмактын абсолюттук чемпиону деген наамды талашат.

 

Бивол Бетербиев пост

 

Кесипкөй бокс дүйнөсүндө негизги катары көбүнчө 4 уюм эсептелинет - WBA, WBC, WBO, IBF. Беттештин жеңүүчүсү аталган бардык уюмдардын чемпиондук курларына ээ болот.

 

Артур Бетербиев WBC, WBO, IBF уюмдарынын орто оор салмактагы чемпиону. The Ring журналынын рейтингинде өз салмагында дүйнөдө 1-орунда турат. IBF курун 8 жолу, WBC курун 5 жолу, WBO курун 2 жолу коргогон. Артур 1985-жылы 21-январда Дагестандагы Хасавюрт шаарында туулган. Улуту - чечен. 2013-жылы кесипкөй карьерасын баштагандан кийин үй-бүлөсү менен Канадага көчүп кеткен. Кээ бир маалыматтар боюнча ал жактын жарандыгын алган.

 

Дмитрий Бивол WBA уюмунун орто оор салмактагы чемпиону. The Ring журналынын рейтингинде өз салмагында дүйнөдө 2-орунда турат. WBA курун 7 жолу коргогон. Дмитрий 1990-жылы 18-декабрда Кыргыз ССРинин Токмок шаарында туулган. Ал алты жашында бокска кызыгып, биринчи машыктыруучунун жетекчилиги менен машыгып баштаган. Биринчи машыктыруучусу (1997-2002) Токмок шаарындагы өспүрүмдөр спорт мектебинде Кыргыз Республикасынын жогорку категориядагы эмгек сиңирген машыктыруучусу Шарапов Вячеслав Сергеевич болгон. 2002-жылы атасы, апасы жана эки эжеси менен Санкт-Петербургга көчүп кеткен.

 


✔Булак - wikipedia.org