Бивол Бетербиев

Дмитрий Бивол Артур Бетербиевге калыстардын чечими менен жеңилип калды

Author
Кыраан командасы

12 октябрь 2024 23:30

Сауд Арабиясынын борбор калаасында дүйнөнүн бокс коомчулугу күтүп аткан беттеш болуп өттү. Кыргызстанда туулган Дмитрий Бивол (23-1, 13 КО) менен бардык атаандаштарын нокаут менен жеңген Артур Бетербиев (21-0, 20 КО) орто оор салмактын абсолюттук чемпиону деген наамды талашты. Дмитрий Бивол WBA курун, Артур Бетербиев WBO, WBC, IBF курларын ортого коюшкан.
 

Жыйынтыгында Артур Бетерибев 116:112, 115:113, 114:114 эсеби менен жеңди. Бокс дүйнөсүндө негизги катары эсептелинген 4 уюмдун курларынын ээси болуп, орто оор салмактын абсолюттук чемпиону аталды.
 

Рой Джонс жуниор орто оор салмакта акыркы абсолюттук чемпион болчу. Ал 1999-жылы бул макамга ээ болуп, 2002-жылга чейин сактап турган. Андан кийин бул салмакта абсолюттук чемпиондукка эч ким жете элек болчу.
 

Алгачкы раунддарда Дмитрий жакшы иштеп, көп соккуларды узатты. Беттештин ортосунда Артур оор соккуларды таамай тийгизип бир нече раундду үстөмдүк менен алып кетти. Беттештин акыркы раунддарында тең бокс болгон, Артур басып жасап көбүрөөк сокку узатса, Дмитрий көп кыймылдап соккулары таамай тийип атты. Калыстардын экөөсү Артурдун жеңишин көрсө, бирөөсү тең чыгууну көрүптүр. Айта кетчү нерсе, бул Дмитрийдин алгачкы жеңилүүсү жана жеңилбес Артурдун алгачкы чечим менен жеңиши болду.
 

 

✔Булак - dazn.com, https://www.bbc.com/sport/boxing/articles/c93pxkp17qvo