Дони ММА

Данияр Тойчубек уулу - 57 кг салмагынын жылдызы

Author
Кыраан командасы

5 декабрь 2024 17:18

Беш күн мурун түштүк борборубузда жаңы ачылган ALATOO FIGHTERS LEAGUE уюмунун 57 кг чемпиондук курун Данияр Тойчубек уулу жеңип алды. Бул мушкерибиздин 10-жеңиши жана алгачкы чемпиондугу болду. Эми биз эчак эле кооз жана ишенимдүү беттештери менен жылдызга айланган Даниярдын карьерасын жана стилин талдап көрөлү.

 

Данияр Тойчубек уулу азыр 22 жашта, бою 173 см, рекорду 10–0, 10 жеңиштен 4 нокаут/техникалык нокаут, 1 сабмишн, 5 чечим. Бардык беттештерин ишенимдүү түрдө же мөөнөтүнөн эрте жеңген, же калыстардын бирдей чечими менен жеңген. Эки жолу “кеченин мыкты беттеши” үчүн жана эки жолу нокаут үчүн бонус алган. 6 атаандашы алгачкы жеңилүү ызаасын Даниярдан тарткан.

 

Азыркы учурдагы fightmatrix.com сайтынын 57 кг салмагынын рейтингинде Данияр 85 упайы менен Кыргызстанда 1-орунда, Азияда 17-орунда, дүйнөдө 38-орунда турат. Негизи эле ошол рейтингдерде кыргыз мушкерлеринин арасында өз салмагында эң жогору турган да Данияр Тойчубек уулу. Мисалы, Ражабали Шайдуллаев - #44 (66 кг), Мыктыбек Оролбай уулу - #51 (71 кг),  Жакшылык Мырзабеков - #71 (77 кг) ж.б.

 

Данияр боксчу стилинде беттештерин өткөрөт. Колдорун өйдө кармайт, көп кыймылдайт, күрөшкө умтула бербейт. Жеб, крос соккуларын керемет колдонот. Оң колу менен түз уруп нокдаун кылган учурлары арбын. Аралыкты жакшы сезет, жеб соккусун көп ыргытып турат, ошол сокку менен чабуулдарды да токтото коёт. Реакциясы мыкты, атаандаштын чабуулдарын эч жоопсуз калтырбайт, хук менен контр соккуларды таамай тийгизе коёт.

 

боксчу стили.png

 

Мушкерибиз хайкиктерди да жакшы өздөштүргөн. Колу менен узаткан сокку серияларын хайкик же буйтоо менен жыйынтыктап турат. 
Атаандашына өтө көп басым кылбайт, бирок тор ичин дайым контролдоп турат, артка чегине бербейт. Атаандашы тепкенде бутун кармап алып, урганды же тейкдаун жасаганды көп колдонот. Клинчтерде белинен кармап тартып же чалып жыгыта коёт. Данияр өтө күчтүү мушкер, ошондуктан клинчте эч ким аны контролдой алган эмес, тескерисинче өзү торго такап коёт.

 

бутунан жыгылтат.png

 

Даниярдын күрөшү, грепплинги да жакшы. Тейкдаундардан коргонуусу жогорку деңгээлде, жыгылып калса, тез эле туруп кетет. Өзү партерде белинен жакшы контролдой алат. Бирок гардда дагы, белинен дагы көп сабмишн издебейт, анын ордуна активдүү граунд-энд-паунд колдонот. Бир беттешинде гардда туруп нокаут кылган. 
Беттешти көбүнчө атаандаштары активдүү баштайт, бирок Даниярдын бир-эки оор соккуларынан кийин жайлап калат. Анан мушкерибиз анык үстөмдүк кыла баштайт.

 

Каарманыбыз кесипкөй карьерасын 2021-жылы баштаган. Алгачкы 3 беттешин Орусиядагы топ эмес лигаларда өткөрүп жеңип алган. Экинчи беттеши оор болгон, анда Данияр өжөрлүгүн, тайманбастыгын көрсөтүп беттешти сабмишн менен жеңип алган. Негизи эле Даниярдын күжүрмөдүгүндө эч маселе болгон эмес. 
Андан кийин эки беттешти ACA Young Eagles уюмунда ошол убактагы жеңилбес мушкерлерге каршы өткөрүп, экөөнү тең жеңип, бирөөсүндө бонус алган.

 

Андан соң Данияр Тойчубек уулу негизги ACA уюму менен келишим түзгөн. Дебютта рекорду 9-0 болгон чечен мушкери менен күчүн сынаган. Өтө кооз беттеште мушкерибиз атаандашын эки жолу нокдаун кылып, калыстардын бирдей чечими менен жеңип, “кеченин мыкты беттеши” бонусун да алган. Кийинки беттешинде армениялык мушкер менен чыгып, анда да бирдей чечим менен жеңген.

 

Doni Hamzaev.png

 

АСА уюмундагы кийинки эки беттешин Данияр нокаут менен бүтүргөн. Биринчисинде Руан Перейра кростон кийин жыгылып, граун-энд-паундда өзүнө келе албады. Экинчисинде Алешандро Прайа биринчи эле раундда үч жолу нокдаун болуп, төртүнчүсүндө сол хук менен нокаут болуп калган. Экөөндө тең мушкерибиз нокаут үчүн бонус алган. Акыркы беттешин Ош шаарында ALATOO лигасында өткөрдү. Анда өзбек мушкерин 1-раундда ТКО менен жеңип, 57 кг чемпиону аталды.   
 

 

 

 


 

✔Булак - https://www.sherdog.com/ , https://www.youtube.com/