11 сентябрь 2024 12:48
Казакстандын Астана шаарына V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн 2430 атлет күч сынашууда. Көк бөрүнү 6 өлкө, ал эми жер улакты (көкпар) 9 өлкө ойношууда. Торчолор, тайпалар жана оюдардын жыйынтыгы биздин сайтта көрсөтүлгөн.
Көк бөрүнүн жана жер улактын (көкпар) бүгүнкү оюндары аягына чыгып, финалдык оюндар аныкталды. Көк бөрүдөн да, жер улактан да (көкпар) финалга Кыргызстан жана Казакстан курама командалары чыгышты.
Көк бөрү, А тайпасы 3-оюн
Казакстан 15:1 Түркия
Көк бөрү, Б тайпасы 3-оюн
Кыргызстан 11:6 Орусия
Жер улак (көкпар) жарым финал
Казакстан 18:2 Орусия
Кечээги оюндар:
Көк бөрү, А тайпасы 2-оюн
Түркия 1:1 (буллит 2:0) АКШ
Көк бөрү, Б тайпасы 2-оюн
Орусия 3:2 Өзбекстан
Жер улак (көк пар) 1/4
Казакстан 12:4 АКШ
Жер улак (көк пар) жарым финал
Кыргызстан 15:1 Түркия
✔Булак - IG: @kokboru_federation, IG: @worldnomadgames2024