13 сентябрь 2024 15:07
Казакстандын борбор шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары аягына чыкты. Астанада 89 өлкөдөн 2430 атлет 21 спорт түрүнөн 100 медал топтому үчүн күч сынашты. Кийинки VI Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Кыргызстанда өтөт.
Оюндардын 1-күнү 1 медал топтому, 2-күнү 22 медал топтому, 3-күнү 22 медал топтому, 4-күнү 23 медал топтому, кечээ 17 медал топтому, бүгүн 15 медал топтому ойнотулду. Ар бир күндүн жыйынтыктары сайтта көрсөтүлгөн.
Медалдык тизмек (толугу сайтта бар)
1) Казакстан - 🥇x 43, 🥈 x 32, 🥉 x 37
2) Кыргызстан - 🥇x 19, 🥈 x 21, 🥉 x 25
3) Орусия- 🥇x 12, 🥈 x 12, 🥉 x 25
Бүгүнкү жеңүүчүлөрүбүз:
🥇 Бакыт Шамурат уулу, салбуурун далба ойнотуу
🥇 Чиксон Лок, жорго салыш
🥇 Кыргызстан, ордо
🥈 Түгөлбай Абдыкадыров, салбуурун далба ойнотуу
🥈 Кыргызстан, мангала командалык жарыш
🥈 Адылбек Кудайбергенов, салбуурун куш салуу
🥈 Анарбек Жамакеев, мангала эркектер
🥈 Азиза Жамансартова, мангала кыз-келиндер
🥉 Кара Кыз, аламан байге
🥉 Императрица, жорго салыш
🥉 Кубанычбек Ибрагимов, мангала эркектер
🥉 Гүлайым Сагыналиева, мангала кыз-келиндер
🥉 Азим Эсенбек уулу, теңге илүү жети кут
✔Булак - IG: @sport.gov.kg, https://worldnomadgames.kz/en