Аба гюреши чемпиондор

ДКО 2024, 5-күн: бизде 6 алтын, 3 күмүш, 5 коло, медалдык тизмекте 2-орундабыз

Author
Кыраан командасы

12 сентябрь 2024 18:42

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтүүдө. Бул иш чарага 89 өлкөдөн 2430 атлет барганы айтылууда. Алар 21 спорт түрүнөн 100 медал топтому үчүн күч сынашууда.
 

Оюндардын 1-күнү 1 медал топтому,  2-күнү 22 медал топтому, 3-күнү 22 медал топтому, кечээ 23 медал топтому, бүгүн 17 медал топтому ойнотулду. Айта кетчү нерсе, ашыртмалы аба гюреши боюнча командалык жыйынтыкта биринчи орунду алдык, толук жыйынтыктар сайтта көрсөтүлгөн.
 

Медалдык тизмек (толугу сайтта бар)
1) Казакстан - 🥇x 33, 🥈 x 25, 🥉 x 28
2) Кыргызстан - 🥇x 16, 🥈 x 16, 🥉 x 20
3) Өзбекстан - 🥇x 11, 🥈 x 12, 🥉 x 11

 

Бүгүнкү жеңүүчүлөрүбүз:
🥇 Кыргызстан, көк бөрү
🥇 Кыргызстан, овари командалык жарыш
🥇 Манас Үсөнов, корэш 75 кг
🥇 Роман Сапаров, ашыртмалы аба гюреши 60 кг
🥇 Айболот Аманов, ашыртмалы аба гюреши 80 кг
🥇 Бактияр Мирлан уулу, ашыртмалы аба гюреши +90 кг
🥈 Кыргызстан, жер улак (көкпар)
🥈 Адилбек Кенжебек уулу, теңге илүү беш белес
🥈 Айтурган Максатбек кызы, овари кыз-келиндер
🥉 Марлен Абдурасулов, корэш 65 кг
🥉 Муктарбек Мунарбеков, корэш 90 кг
🥉 Бекболсун Сатканкулов, ашыртмалы аба гюреши 70 кг
🥉 Аскат Таалайбеков, теңге илүү кош кулаш
🥉 Айзада Бактыбекова, овари кыз-келиндер

 

Эртеңки программа:
Ат чабыштар
Теңге илүү
Салбуурун
Ордо
Мангала
Жабылыш аземи


✔Булак - IG: @sport.gov.kg, worldnomadgames.kz