алыш чемпиондору

ДКО 2024, 4-күн: бизде 3 алтын, 4 күмүш, 8 коло, медалдык тизмекте 3-орундабыз

Author
Кыраан командасы

11 сентябрь 2024 18:48

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтүүдө. Бул иш чарага 89 өлкөдөн 2430 атлет барганы айтылууда. Алар 21 спорт түрүнөн 100 медал топтому үчүн күч сынашууда.
 

Оюндардын 1-күнү 1 медал топтому,  2-күнү 22 медал топтому, кечээ да 22 медал топтому ойнотулган, бүгүн 23 медал топтому ойнотулду. Айта кетчү нерсе, алыш күрөшү боюнча командалык жыйынтыкта Өзбекстан 1-орун, Орусия 2-орун, Кыргызстан 3-орун болду, толук жыйынтыктар сайтта бар.
 

Медалдык тизмек (толугу сайтта бар)
1) Казакстан - 🥇x 27, 🥈 x 17, 🥉 x 25
2) Өзбекстан - 🥇x 11, 🥈 x 12, 🥉 x 9
3) Кыргызстан - 🥇x 10, 🥈 x 13, 🥉 x 15


Бүгүнкү жеңүүчүлөрүбүз:
🥇 Баяман Абидинов, алыш 60 кг
🥇 Ирлан Казбек уулу, алыш 80 кг
🥇 Нагира Сарбашова, алыш +75 кг
🥈 Нурзат Бактияр кызы, алыш 65 кг
🥈 Кыргызстан, ашык атуу (эркектер)
🥈 Кыргызстан, тогуз коргоол командалык жарыш
🥈 Марлис Дуулатбеков, тогуз коргоол эркектер
🥉 Азизхан Мусабек уулу, алыш 90 кг
🥉 Калысбек Каюмов, алыш 70 кг
🥉 Динара Камчыбекова, алыш 70 кг
🥉 Кыргызстан, беш ашык (кыз-келиндер)
🥉 Кыргызстан, аркан тартыш эркектер
🥉 Кыргызстан, аркан тартыш кыз-келиндер
🥉 Сырттан Сыргак уулу, тогуз коргоол эркектер
🥉 Азиза Жамансартова, тогуз коргоол кыз-келиндер
🥉 Алтынай Шамбетова, тогуз коргоол кыз-келиндер

 

Эртеңки программа:
Жер улак (көкпар) акыркы финалдык оюндар
Көк бөрү финалдык оюндар
Теңге илүү
Салбуурун
Салттуу жаа атуу, командалык жарыш
Корэш
Ашыртмалы аба гюреши
Ордо
Овари


✔Булак - IG: @sport.gov.kg, worldnomadgames.kz

Тектеш темалар