10 сентябрь 2024 17:22
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтүүдө. Бул иш чарага 89 өлкөдөн 2430 атлет барганы айтылууда. Алар 21 спорт түрүнөн 100 медал топтому үчүн күч сынашууда.
Оюндардын 1-күнү 1 медал топтому ойнотулду, кечээ 22 медал топтому ойнотулган, бүгүн да 22 медал топтому ойнотулду.
Медалдык тизмек (толугу сайтта бар)
1) Казакстан - 🥇x 21, 🥈 x 10, 🥉 x 17
2) Кыргызстан - 🥇x 7, 🥈 x 9, 🥉 x 7
3) Өзбекстан - 🥇x 7, 🥈 x 8, 🥉 x 9
Бүгүнкү жеңүүчүлөрүбүз:
🥇 Адел Маданбаева, таяк тартыш (мас-рестлинг) 65 кг
🥇 Назия Майлыбашева, таяк тартыш (мас-рестлинг) 75 кг
🥇 Келдибек Атайбек уулу, таяк тартыш (мас-рестлинг) 105 кг
🥇 Ислам Бердибек уулу, эр эңиш 90 кг
🥈 Шатман Эсенбек уулу, казак куресы -82 кг
🥈 Күмүшбек Кыдыралиев, эр эңиш +100 кг
🥉 Асел Садырова, салттуу жаа атуу “Калкан” кыз-келиндер
🥉 Русланбек Чыныбек уулу, таяк тартыш (мас-рестлинг) 90 кг
🥉 Турдукул Абдрахманов, эр эңиш 100 кг
Эртеңки программа:
Жер улак (көкпар) акыркы жарым финалдык оюн
Көк бөрү тайпалардын 3-оюндары
Алыш
Атчан жаа атуу (Жамбы ату) жамбы стили
Күч таймашы (Толағай, Состязание силачей, Powerful nomad)
Салттуу жаа атуу казак “Жамбы” бутасы
Аркан тартыш
Ашык атуу
тогуз коргоол
✔Булак - IG: @sport.gov.kg, worldnomadgames.kz