7 октябрь 2024 17:37
18-октябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында LFA 194 мелдеши өтөт. Кеченин башкы кардында атактуу Бусурманкул Абдибаит уулу 66 кг салмакта беттеш өткөрөт.
66 кг
Бусурманкул Абдибаит уулу (15-4-1), Кыргызстан
vs
Эрик Висконде (13-3), Бразилия
Эске сала кетсек, Бусурманкул М-1 уюму менен расмий келишим түзгөн алгачкы кыргыз мушкери. Ал жакта 5 беттеш өткөрүп, курга жакындаган, бирок аталган уюмдун ишмердүүлүгү токтоп калган. Андан соң Хабиб Нурмагомедовдун Eagle FC уюмунда 3 беттеш өткөрүп, чемпион аталып, алгачкы коргоосунда Расул Магомедовго бирдей чечим менен жеңилип, курунан ажыраган. Акыркы беттешин 16 ай мурун Naiza FC уюмунда бразилиялык атаандашын нокаут кылып жеңген.
Атаандашы - бразилиялык Эрик Висконде. Беттештерин көбүн мекениндеги уюмдарда өткөргөн. Акыркы беттешин LFA 179 мелдешинде өткөрүп, атаандашына 1-раундда сабмишн менен жеңилип калган.
Азыркы учурдагы Fightmatrix.com сайтынын рейтингдерине карасак:
Бусурманкул Абдибаит уулу көптөн бери беттеш өткөрбөгөнүнө байланыштуу рейтингдерден чыгарылган, бирок 01.07.2024 күнүндөгү рейтингде - 66 кг, 67 упай, дүйнөдө 138-орун, Кыргызстанда 4-орун
Эрик Висконде азыр - 66 кг, 45 упай, дүйнөдө 275-орун, Бразилияда 45-орун
✔Булак - www.sherdog.com, www.fightmatrix.com