Жапондук балбан кыз

Бүгүн күрөшүбүз ийгиликсиз, Жапония кыз-келиндер бөлүгүн жеңди. U20 Дүйнө Чемпионаты, 5-күн

Author
Кыраан командасы

6 сентябрь 2024 19:27

Бүгүн Испаниянын Понтеведра шаарында грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча U20 Дүйнө Чемпионатынын 5-күнү аяктады. Бул чемпионат 8-сентябрда аягына чыгат. Понтеведрага 59 өлкөдөн 700гө жакын балбан ат салышкан. Алар үч түрдөн жалпысынан 30 медал топтому үчүн күрөшөт.

 

Грек-рим бөлүгү биз үчүн 1 алтын, 1 коло медалы менен аяктаган болсо, кыз-келиндерибиз тилекке каршы медалга жетпей калышкан. Бүгүн эркин күрөш башталды. Килем үстүнө беш балбаныбыз чыгып, бирөөсүндө эле медалга мүмкүнчүлүк калды, 97 кг салмакта Айтеңир Максатовду жеңген балбан финалга чыккандыктан, ал жубатуучу беттеш өткөрөт.

 

Кыз-келиндер күрөшү, командалык жыйынтык (37 өлкөнүн ичинен):
1-орун Жапон 149 упай
2-орун Индия130 упай
3-орун АКШ 101 упай
19-орун Кыргызстан 8 упай

 


Бүгүнкү жыйынтык:

 

57 кг 1/8
❌ Баяман Керимбеков, Кыргызстан
🤙 1:9
✅ Мыктыбек Укиметулы, Казакстан

 

65 кг 1/16
❌ Залкарбек Табалдиев, Кыргызстан
🤙 2:3
✅ Адам Архиев, Бейтарап Атлеттер

 

70 кг 1/16
✅ Аден Сакыбаев, Кыргызстан
🤙 6:2
❌ Ростислав Лейхт, Германия

 

70 кг 1/8
❌ Аден Сакыбаев, Кыргызстан
🤙 0:10
✅ Питер Дюк, АКШ

 

79 кг 1/16
❌ Адилет Акылбеков, Кыргызстан
🤙 0:10
✅ Эмин Гожаев, Азербайжан

 

97 кг 1/8
❌ Айтеңир Максатбеков, Кыргызстан
🤙 0:11
✅ Хетаг Карсанов, Азербайжан

 


Бүгүнкү финалдар:

 

53 кг финал
✅ Жин Жанг, Кытай
🤙 4:0
❌ Карла Солер, Испания

 

57 кг финал
✅ Совака Учида, Жапон
🤙 12:2
❌ Берта Чавез, Мексика

 

62 кг финал
✅ Ирина Бондар, Украина
🤙 4:1
❌ Нитика Нитика, Индия

 

65 кг финал
✅ Нана Икехата, Жапон
🤙 8:1
❌ Бейза Аккус, Түркия

 

72 кг финал
✅ Жасмин Робинсон, АКШ
🤙 11:6
❌ Юци Лиу, Кытай

 


✔Булак - uww.org
 

Тектеш темалар