20 сентябрь 2024 14:19
Бүгүн Тайланддын Бангкок шаарында ONE Friday Fights мелдеши өтүп жатат. Мелдештин алкагында Бектур Жеңишбек уулу тор ичине кирген.
59 кг
✅ Бектур Жеңишбек уулу (3-0), Кыргызстан
🤙 бирдей чечим
❌ Авазбек Холмирзаев (7-2), Өзбекстан
Эске сала кетсек, Бектур Жеңишбек уулу ММА боюнча сүйүүчүлөр арасы 2022-жылы дүйнө чемпиону болгон (IMMAF). Англиянын атынан чыккан таанымал ММА мушкери Мухаммад Мокаев да IMMAF дүйнө чемпиону аталган болчу (2018, 2019).
Беттешке чеийнки Fightmatrix.com сайтынын рейтингдерине карасак:
Бектур Жеңишбек уулу - 57 кг, рейтингге кире элек
Авазбек Холмирзаев - 57 кг, 54 упай, дүйнөдө 92-орун, Өзбекстанда 3-орун
✔Булак - https://www.sherdog.com/ , https://www.fightmatrix.com/ , https://www.onefc.com/events/one-friday-fights-80/