Ражабали модель

Бардык беттештерин мөөнөтүнөн эрте жеңген Ражабали Шайдуллаев.

Author
Кыраан командасы

24 сентябрь 2024 19:27

Беш күндөн кийин Жапониядагы RIZIN уюмунун алкагында мушкерибиз тор ичине кирет. Ражабали Шайдуллаев 29-сентябрда өтө турчу RIZIN 48 мелдешинин башкы кардында Хуан Арчулета менен күч сынашат. Беттештин алдында мушкерибиздин карьерасын талдап көрөлү.
 

Ражабали Шайдуллаев азыр 23 жашта, рекорду 11–0, 11 жеңиштен 4 нокаут/техникалык нокаут жана 7 сабмишн. Бир да беттеши 3-раундга жеткен эмес, 5 беттеши 2-раундда, 6 беттеши 1-раундда аяктаган. Орточо эсеп менен алганда ар беттешин 307 секундада же башкача айтканда ~5 мүнөттө жеңген.
 

Азыркы учурдагы fightmatrix.com сайтынын рейтингдеринде Ражабали 66 кг салмакта катталган. Ошол рейтинг боюнча каарманыбыз Кыргызстанда 1-орун, Азияда 19-орун, дүйнөдө 71-орунда турат. Негизи Ражабали 66 кг салмакта да, 61 кг салмакта да беттештерин өткөргөн, бирок акыркы беттешин 66 кг салмакта өткөргөн жана келе жаткан беттеш да ошол категорияда өтөт.
 

photo_5447129171672295395_w.jpg

 

Ражабали чыныгы универсал мушкерлерге кирет. Туруу абалында (стойка) кетенчиктебейт, өзү басым кылып иштейт, бирок дароо эле күрөшкө шашылбайт. Оор соккуларды узатат, айрыкча, жеб, крос, аперкот соккулары таамай тиет, кээде атаандаштары чайкалып да калат. Хайкик, лоукиктерди да жакшы колдонот, секирип тизеси менен урган учурлар аз эмес. Сокку алмашуулардан коркпойт, атаандаштарынан көбүрөөк тийгизет.

 

photo_5447129171672295416_w (1).jpg
 

Беттешин туруу абалында баштап, басым кылып, соккуларды узаткандан кийин күрөшүп баштайт. Мушкерибиздин күрөшүнөн эч ким коргоно алган эмес. Күрөштө да кооз ыкмаларды, айрыкча контр-ыкмаларды жасайт. Партерде активдүү иштейт, дайым колу менен, чыканагы менен уруп турат же сабмишн издейт. Беттештеринин дээрлик баары партерде бүткөн, же техникалык нокаут, же сабмишн.
 

photo_5447129171672295422_w (1).jpg

 

Ражабали 2019-жылы кесипкөй ММА карьерасын баштаган. Алгачкы 5 беттешин Кыргызстандагы уюмдарда өткөргөн. 2022-жылы сүйүүчүлөр арасы GAMMA боюнча Азиянын ММА чемпиону аталган. Ошол эле жылы кесипкөй ММА беттештерин чет жакта өткөрө баштаган.
 

sddefault.jpg

 

Каарманыбыз чет жактагы беттештерин алгач ACA Young Eagles уюмунда өткөргөн. Бир жылдын ичинде 3 чечен мушкерин 2-раундда жеңип алган. Биринчи Анзор Елгараевди партерде техникалык нокаут менен, андан кийин Асвад Ахмадовду “анаконда” муунтуу ыкмасы менен, акырында Ислам Бабатовду “треугольник” муунтуу ыкмасы менен жеңген.
 

photo_5447129171672295423_w.jpg

 

2023-жылы мушкерибиз Кореядагы ROAD FC уюумунун гран присине катталган. Чейрек финалдык беттеште жергиликтүү Жийонг Янг аттуу мушкерди 1-раундда партерде аркасынан муунтуп жеңген. Ошону менен Жийонг Янг алгачкы жолу жеңилүү ызасын тарткан. Жарым финалдык беттеште Акира Харагучи менен кездешмек, бирок Ражабали салмак лимитинен бираз ашып калганы үчүн беттештен жана гран приден четтетилген. (Акира Харагучи быйылкы гран приде Ырыскелди Дүйшеевге чейрек финалда жеңилип калды)

 

photo_5447129171672295424_w.jpg
 

ROAD FC гран присинен четтетилгенинен 1 жарым ай өткөндөн кийин БАЭнин Абу-Даби шаарында аймактын мыкты уюмунда беттешкен. UAE Warriors 45 мелдешинде Хабиб Нурмагомедовдун командасынын мүчөсү болгон орусиялык Магомед Аль-Абдулланы 2-раундда партерде аркасынан муунтуп жеңип алган. Анда Магомеддин бурчунда Усман Нурмагомедов болгон.
 

photo_5447129171672295426_w.jpg

 

Акыркы беттешин Ражабали быйыл 9-июнда Жапониянын RIZIN уюмунда өткөргөн. Кожи Такеда аттуу атаандашы рейтингде мушкерибизден кыйла өйдө болчу. Дүйнөдө Такеда 84-орунда, Ражабали 197-орунда эле. Бирок, күч атасын тааныбаган сыңары, Ражабали 1-раундда эле партерде аркасынан муунтуп жеңишке жеткен. Кийинки беттешин да мөөнөтүнөн эрте жеңет деген ишеничтебиз.

 

photo_5447129171672295428_w.jpg


✔Булак - https://www.sherdog.com/ , https://www.youtube.com/