Билол Шарип уулу

Балбандарыбыз Korea Open мелдешинде 9 медал алышты!

Author
Кыраан командасы

26 ноябрь 2024 10:52

Биздин күрөш боюнча курама командабыз Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн эл аралык Korea Open мелдешине катышкан. Ал жакка 12 мамлекеттен 186 спортчу күч сынашып, олимпиадалык салмактар боюнча гана жалпысынан 18 медал топтому ойнотулду. Жарыштар 22-ноябрда башталып, 24-ноябрда аякталды. Өлкө намысын коргоо үчүн 18 балбан барып, жыйынтыгында 3 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медалдарына ээ болушту. Ошондой эле эркин күрөш боюнча курамабыз командалык жыйынтыкта 2-орунду ээледи.
 

Эркин күрөш
🥇 Билол Шарип уулу, 65 кг
🥈 Орозобек Токтомамбетов, 74 кг
🥉 Кутман Төлөбалдиев, 125 кг
🥉 Абдымалик Карачов, 57 кг


Командалык жыйынтык (9 өлкөнүн ичинен)
1) Кытай - 🥇x 2, 🥈 x 1, 🥉 x 1 | 95 упай
2) Кыргызстан - 🥇x 1, 🥈 x 1, 🥉 x 2 | 95 упай
3) Жапония - 🥇x 1, 🥈 x 2, 🥉 x 1 | 91 упай



Грек-рим күрөшү
🥇 Мелис Айтбеков, 97 кг
🥈 Нурманбет Раймалы уулу, 97 кг
🥈 Эрлан Манатбеков, 130 кг


Командалык жыйынтык (7 өлкөнүн ичинен)
1) Кытай - 🥇x 4, 🥈 x 0, 🥉 x 0 | 109 упай
2) Түштүк Корея - 🥇x 0, 🥈 x 2, 🥉 x 3 | 85 упай
3) Казакстан - 🥇x 0, 🥈 x 2, 🥉 x 2 | 78 упай
4) Кыргызстан - 🥇x 1, 🥈 x 2, 🥉 x 0 | 57 упай



Кыз-келиндер күрөшү
🥇 Дилназ Сазанова, 68 кг
🥉 Гульнура Таштанбекова, 68 кг


Командалык жыйынтык (9 өлкөнүн ичинен)
1) Түштүк Корея - 🥇x 1, 🥈 x 1, 🥉 x 1 | 90 упай
2) Тайвань - 🥇x 0, 🥈 x 1, 🥉 x 2 | 78 упай
3) Жапония - 🥇x 2, 🥈 x 0, 🥉 x 1 | 74 упай
5) Кыргызстан - 🥇x 1, 🥈 x 0, 🥉 x 1 | 57 упай



✔Булак - uww.org