Asan U20 finalda

Асан Жанышов финалга чыкты! U20 Дүйнө Чемпионатынын 1-күнүнүн жыйынтыгы

Author
Кыраан командасы

2 сентябрь 2024 18:20

Бүгүн Испаниянын Понтеведра шаарында грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча U20 Дүйнө Чемпионаты башталды. Бул чемпионат 8-сентябрда аягына чыгат. Понтеведрага 59 өлкөдөн 700гө жакын балбан ат салышты. Алар үч түрдөн жалпысынан 30 медал топтому үчүн күрөшөт.

 

Бүгүн 5 балбаныбыз күрөшкөн, натыйжасында Асан Жанышов 87 кг финалына чыкты, Самаган Ормонов 130 кг жубатуучу беттештерди өткөрөт, жеңсе коло үчүн күрөшөт. Калган 3 балбаныбыз тилекке каршы медалсыз калды. Эртең дагы 5 балбаныбыз килем үстүнө чыгат, мелдештин жүрүшү жана биздин курамыбыз бул жерде.

 


Бүгүнкү жыйынтык:

 

55 кг 1/16
✅ Барсбек Асанкожоев, Кыргызстан
🤙 9:1
❌ Армен Геворгян, Армения

 

55 кг 1/8
✅ Барсбек Асанкожоев, Кыргызстан
🤙 8:0
❌ Иван Стефанский, Украина

 

55 кг чейрек финал
❌ Барсбек Асанкожоев, Кыргызстан
🤙 0:9
✅ Алибек Амиров, Бейтарап Атлеттер

 


63 кг 1/16
✅ Эмирлан Дүйшеналиев, Кыргызстан
🤙 9:0
❌ Илиан Айнаоуи, Франция

 

63 кг 1/8
❌ Эмирлан Дүйшеналиев, Кыргызстан
🤙 1:5
✅ Анри Хосреванидзе, Грузия

 


77 кг 1/8
❌ Нурэл Дүйшенбеков, Кыргызстан
🤙 0:5
✅ Александру Соловей, Молдова

 


87 кг 1/8
✅ Асан Жанышов, Кыргызстан
🤙 11:3
❌ Ачико Болквадзе, Грузия

 

87 кг чейрек финал
✅ Асан Жанышов, Кыргызстан
🤙 7:3
❌ Хамза Сертжанли, Швеция

 

87 кг жарым финал
✅ Асан Жанышов, Кыргызстан
🤙 8:0
❌ Патрик Гордан, Румыния

 


130 кг 1/16
✅ Самаган Ормонов, Кыргызстан
🤙 13:7
❌ Артур Саркисян, Чехия

 

130 кг 1/8
❌ Самаган Ормонов, Кыргызстан
🤙 0:8
✅ Аболфази Фатхитазанги, Иран

 


Эртеңки финалдар:

 

55 кг финал
Исая Кортез, АКШ
vs
Али Абдолла Ахмади, Иран

 

63 кг финал
Эрзу Закриев, Бейтарап Атлеттер
vs
Отто Блэк, АКШ

 

77 кг финал
Магомед Ярбилов, Бейтарап Атлеттер
vs
Алиреза Абдевали, Иран

 

87 кг финал
Асан Жанышов, Кыргызстан
vs
Жожу Самадов, Азербайжан

 

130 кг финал
Ласло Дарабос, Мажарстан
vs
Аболфази Фатхитазанги, Иран

 

 

✔Булак - uww.org
 

Тектеш темалар