6 октябрь 2024 06:36
Бүгүн АКШнын Солт Лэйк Сити шаарында UFC 307 мелдеши болуп өттү. Кеченин башкы беттешинде 93 кг салмактын чемпиону Алекс Перейра #8 мушкери Халил Раунтриге каршы курун коргогон.
Халил Раунтри алгачкы эки раундда активдүү иштеп, узун комбинацияларды колдонуп, көп жарылып, оор соккуларды тийгизди. Алекс бир жолу чайкалып да кетти, бирок өзү да бир канча оор сокку тийгизди, негизинен шашылбады, абалды көзөмөлдөп турду. Үчүнчү раундда Халил чарчап, көп жарыла албай калды, көбүрөөк сокку өткөрүп баштады, раундду Алекс узун серия менен бүтүрдү. Төртүнчү раундда Алекс аябай активдүү иштеп, көп жоопсуз соккуларды узатты. Халил көп оор соккуларды өткөрүп жатканына карабай, узакка чейин жыгылбады, бирок дээрлик жооп бере алган жок. Жыйынтыгында 4-раунддун 4:32 мүнөтүндө корпуска эки сокку жана аперкоттон кийин Халил акыры жыгылды. Алекс Перейра техникалык нокаут менен чемпиондук курун үчүнчү жолу коргоду.
Мелдештин жыйынтыгы:
93 кг курга
✅ Чемп. Алекс Перейра (12-2), Бразилия
🤙 4-раунд, ТКО
❌ #8 Халил Раунтри (14-6), АКШ
кыз-келиндер 61 кг курга
✅ #1 Джулианна Пенья (13-5), АКШ
🤙 тартыш чечим
❌ Чемп. Ракель Пеннингтон (16-10), АКШ
61 кг
✅ #11 Маурио Баутиста (15-2), АКШ
🤙 тартыш чечим
❌ #10 Жозе Альдо (32-9), Бразилия
84 кг
✅ #10 Роман Долидзе (14-3), Грузия
🤙 1-раунд, ТКО
❌ #15 Кевин Холланд (26-12), АКШ
кыз-келиндер 61 кг
✅ #3 Кайла Харрисон (18-1), АКШ
🤙 бирдй чечим
❌ #2 Кетлин Виейра (14-4), Бразилия
77 кг
✅ #11 Хоакин Бакли (20-6), АКШ
🤙 2-раунд, нокаут
❌ #9 Стивен Томпсон (17-8-1), АКШ
кыз-келиндер 52 кг
✅ #14 Ясмин Лусиндо (17-5), Бразилия
🤙 тартыш чечим
❌ #6 Марина Родригес (17-5-2), Бразилия
71 кг
✅ Александр Хернандес (15-8), АКШ
🤙 тартыш чечим
❌ Остин Хаббард (17-8), АКШ
84 кг
✅ Сезар Алмейда (6-1), Бразилия
🤙 бирдей чечим
❌ Игорь Потеря (20-7), Украина
93 кг
✅ Райан Спанн (22-10), АКШ
🤙 1-раунд, сабмишн
❌ Овинс Сен-Прё (27-18), Гаити
кыз-келиндер 52 кг
✅ Тиша Пеннингтон (14-7), АКШ
🤙 бирдей чечим
❌ Карла Эспарса (20-8), АКШ
77 кг
✅ Корт МакГи (23-13), АКШ
🤙 1-раунд, сабмишн
❌ Тим Минс (33-17), АКШ
✔Булак - https://www.ufc.com/event/ufc-307#1225 , www.google.com