16 декабрь 2024 10:45
Мурдагүнү Германиянын Шорндорф шаарында жергиликтүү күрөш командасы биринчи чейрек финалдык матчта 11:18 эсеби менен ASV Mainz 88 командасына жеңилип калды. Шорндорф командасынын мүчөсү болгон Акжол Махмудов да өзүнүн беттешин жеңилип калды. Биз дал ушул күрөш Бундеслигасын изилдеп көрдүк.
Күрөш Бундеслигасы (Bundesliga-Ringen) 1964-жылдан бери Германияда уюштурулат. Командалар алгач тайпалык баскычта жарышат анан тайпадан чыккандар плей-офф бөлүгүнө өтүшөт. Командалар 4 тайпага бөлүнгөн: түндүк, түштүк, батыш, чыгыш тайпалары. Ар тайпада 6-7 команда болот. Тайпаллардан жалпы 8 команда чейрек финалдарга чыгат.
1 матчта 10 беттеш болот: 5 эркин күрөш жана 5 грек-рим күрөшү боюнча. Жана командалар бири-бири менен эки жолу кездешет, үйүндө жана конокто. Беттеш категориялары төмөнкүдөй.
1-матч: 61 кг ЭК, 66 кг ГК, 71 кг ЭК, 75 кг ГК, 75 кг ЭК, 80 кг ГК, 80 кг ЭК, 86 кг ГК, 98 кг ЭК, 130 кг ГК
2-матч: 61 кг ГК, 66 кг ЭК, 71 кг ГК, 75 кг ЭК, 75 кг ГК, 80 кг ЭК, 80 кг ГК, 86 кг ЭК, 98 кг ГК, 130 кг ЭК
Ар беттештен кийин жеңүүчү тарапка упай берилет:
4:0 - мөөнөтүнөн эрте жеңиш
3:0 - 8-14 упай артыкчылыгы менен жеңиш
2:0 - 3-7 упай артыкчылыгы менен жеңиш
1:0 - 1-2 упай артыкчылыгы же тең упай менен жеңиш
0:0 - экөө тең четтетилсе
10 беттештин упайлары кошулуп, матчтын жыйынтыгын чечет.
Быйылкы сезон сентябрда башталган, январдын аягында жыйынтыкталат. Акжол Махмудов бул сезондо Шорндорф шаарындагы ASV Schorndorf командасына кошулган. Ал командада ошондой эле Луис Орта Санчес жана Ибрахим
Махмуд Ганем бар. Ал эми биз жакшы билген Нао Кусака SVG 04 Weingharten командасына күрөшөт.
Бирок Нао Кусака менен Акжол Махмудов ал жакта кездеше элек. Экөөнүн тең командалары бир тайпадан плей-оффко ийгиликтүү чыгышкан бирок алгачкы матчтарын жеңилди.
чейрек финал 1-матч
❌ ASV Schorndorf, үйдө
🤙 11:18
✅ ASV Mainz 88, конокто
Эми 21-декабрда булардын 2-матчы өтөт, бирок Акжол Махмудов кайра күрөшөбү азыр белгисиз.
Акжол Махмудовдун быйылкы сезондогу беттештери:
тайпалык матчтагы беттеш, 86 кг ГК
✅ Акжол Махмудов, ASV Schorndorf
🤙 11:0, далысын басты (4:0)
❌ Зимон Вейбхаар, KG Baienfurt/Ravensburg
тайпалык матчтагы беттеш, 86 кг ГК
❌ Акжол Махмудов, ASV Schorndorf
🤙 1:1 (0:1)
✅ Ярослав Фильчаков, Red Devils Heilbronn
тайпалык матчтагы беттеш, 86 кг ГК
✅ Акжол Махмудов, ASV Schorndorf
🤙 9:1 (3:0)
❌ Роланд Шварц, SV Wacker Burghausen
тайпалык матчтагы беттеш, 80 кг ГК
✅ Акжол Махмудов, ASV Schorndorf
🤙 7:5 (1:0)
❌ Айк Мнацаканян, ASV Urloffen
тайпалык матчтагы беттеш, 80 кг ГК
✅ Акжол Махмудов, ASV Schorndorf
🤙 10:0 (3:0)
❌ Адам Юрецко, Red Devils Heilbronn
1-чейрек финалдык матчтагы беттеш, 86 кг ГК
❌ Акжол Махмудов, ASV Schorndorf
🤙 4:6 (0:1)
✅ Бурхан Акбудак, ASV Mainz 88
✔Булак - ringen.de