Акыркы күндүн жыйынтыктары. Орусиянын Нефтеюганск районундагы

Акыркы күндүн жыйынтыктары. Орусиянын Нефтеюганск районундагы эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш

Author
Кыраан командасы

15 декабрь 2024 14:35

Бүгүн Орусиянын Нефтеюганск районундагы Пойковский шаарчасында өтүп жаткан Владимир Семеновго арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештин акыркы күнү жыйынтыкталды. Ал жакта 19 мамлекеттен 143 балбан күч сынашты. Жарыштар бардык 10 салмак даражасында өттү. Бул мелдешке биздин 3 балбаныбыз барган, бирок тилекке каршы медалга кол жеткире албай калышты. Биринчи күндүн жана экинчи күндүн жыйынтыктары да сайтыбызда бар.
 

Бүгүн Эрназар Акматалиев менен бир нече жолу күрөшкөн Евгений Жербаев финалда дагестандык балбанга 1:2 эсебинде жеңилип калды.


Бүгүнкү жыйынтыктар
 

61 кг
🥇 Ахмед Зубайров, Орусия - Пермский край
🥈 Айко Гаспарян, Армения
🥉 Артём Гобаев, Орусия - Москва
🥉 Азамат Тускаев, Сербия


74 кг
🥇 Имам Ганишов, Орусия - Дагестан
🥈 Евгений Жербаев, Орусия - Бурятия
🥉 Магома Дибиргаджиев, Орусия - Дагестан
🥉 Гарсон Тамайо, Куба


86 кг
🥇 Ада Багомедов, Орусия - Дагестан
🥈 Бозигит Исламгереев, Орусия - Югра
🥉 Бобур Исломов, Өзбекстан
🥉 Славик Наниев, Орусия - Югра


92 кг
🥇 Азамат Закуев, Орусия - Крым
🥈 Алан Багаев, Орусия - Югра
🥉 Омар Зияутдинов, Орусия - Дагестан
🥉 Шахбан Джабраилов, Молдова
 

125 кг
🥇 Остап Пасенок, Орусия - Кемеров облусу
🥈 Хабиб Давудгаджиев, Орусия - Дагестан
🥉 Тамерлан Кумышев, Орусия - КБР
🥉 Артем Пуховский, Краснодарский край


✔Булак - https://t.me/sportbezgranits

Тектеш темалар