Ак-Илбирс чемпион

Ак-Илбирс көк бөрү боюнча КР Президентинин кубогун жеңди!

Author
Кыраан командасы

31 август 2024 16:10

Көк бөрү боюнча КР Президентинин кубогу 28-августтан 31-августка чейин Кыргызстандын Чолпон-Ата ат майданында болуп өттү. Бул турнирге 14 команда катышып, жыйынтыгында Баткен облусунан түзүлгөн Ак-Илбирс командасы чемпион болду.

Катышуучулар Көчмөндөр оюндарына даярдыкты көрүү приоритеттүү багыт болуп тургандыктан, Президенттин кубогуна командаларды өз каалоосу менен катышууга укук берилген. Ошол эле учурда Президенттин кубогуна келбей койгон командалардын кийинки жылга 9-май турнирине ээ болгон квоталарын сактоо менен өткөрүлөт.
Айта кетчү нерсе командалардын оюндары олимпиадалык система менен өттү. Тагыраагы жеңилген команда турнир менен кош айтышты.


Мелдештин жүрүшү:


1/8
Казарман 5-3 Ак-Суу
Бийиктик 7-0 Талас шаары
Ак-Илбирс 10-0 Бапа Барскоон
Алтын-Альянс 2-4 Асанбек-Ата
Чүй-Токмок 5-1 Кара-Ой
Ала-Арча 0-9 Ысык-Ата
 

чейрек финалдар
Шахтер 6-1 Ичке-Суу
Казарман 1-3 Бийиктик
Ак-Илбирс 6-3 Асанбек-Ата
Чүй-Токмок 2-4 Ысык-Ата


жарым финалдар
Шахтер 7-3 Бийиктик
Ак-Илбирс 6-2 Ысык-Ата


финал
Ак-Илбирс 4-3 Шахтер


3-орунга
Бийиктик 2-3 Ысык-Ата

 

 

✔Булак - www.kokboru.net
 

Тектеш темалар