Абу Даби ГС 2024

Абу-Даби Гран Слам 2024 мелдешинин жыйынтыктары

Author
Кыраан командасы

15 октябрь 2024 17:45

11-13-октябрда Бириккен Араб Эмирликетеринин Абу-Даби шаарында дзюдо боюнча Гран Слам мелдеши өттү. Ал жакка 29 өлкөдөн 219 дзюдочу барып, 14 медал топтому үчүн күч сынашкан. Биздин дзюдочулар бул мелдешке барган жок.
 

Орусиялык Тамерлан Башаев - юниорлор арасы дүйнө чемпиону, 2021 Олимпиада коло медалисти - +100 кг салмак категорияда фаворит болгону менен медалсыз калды. Жарым финалда мекендеши Валерий Эндовицкийге, коло үчүн беттеште өзбекстандык Уткирбек Туробоевге жеңилип калды. Валерий жыйынтыгында экинчи Гран Слам алтынын алды, Уткирбек алгачкы Гран Слам медалын алды.
 

Мелдештин ээси БАЭ 2 алтын алды. Орусиялык Махмадбек Махмадбеков БАЭге өтүп, алгачкы мелдеште эле -73 кг салмакта алтынга ээ болду. Экинчи алтын 2023-жылдан бери БАЭнин атынан чыккан монголиялык Бишрэлтийн Хорлоодой кыз-келиндер -52 кг категорияда чемпион болду.
 

2024 Дүйнө чемпиону Жоан Ван Лишот Олимпиадада ийгилик жарата алган эмес. Бул мелдеште да кыз-келиндер -63 кг салмакта алтын эмес, коло медалына ээ болду.
 

Эки орусиялык дзюдочулар Изнаур Сааев менен Мурад Чопанов фаворит болбогондоруна карабай, рейтингде бийик турган атаандаштарын жеңип, алтын медалдарына ээ болушту.
 

Маалымат
Дзюдо Гран Слам – бул Эл аралык Дзюдо Федерациясы (IJF) тарабынан уюштурулган эл аралык дзюдо мелдештеринин сериясы. Бул мелдештер дүйнөнүн булуң-бурчунан мыкты дзюдочуларын чогултат. Гран Слам мелдештери жыл бою ар кандай жерлерде өткөрүлүп, жогорку рейтингдик упайларды, акчалай сыйлыктарды жана аброй алып келет. Алар спортчулар үчүн Дүйнөлүк чемпионаттарга жана Олимпиада Оюндарына квалификация алуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк түзөт. Гран Слам мелдештеринде континенттик чемпионаттарынан көбүрөөк упай берилет, демек маанилүүрөөк деп айтсак болот.
 

Командалык жыйынтык (29 өлкөнүн ичинен):
1) Нидерланд - 🥇x 2, 🥈 x 3, 🥉 x 3
2) Франция - 🥇x 2, 🥈 x 3, 🥉 x 2
3) Германия - 🥇x 2, 🥈 x 0, 🥉 x 0


Эркектер:
 

-60 кг
🥇 Изнаур Сааев, Бейтарап Атлеттер
🥈 Седрич Револ, Франция
🥉 Даурен Сюкенов, Казаскстан
🥉 Эмиел Жаринг, Нидерланд
 

-66 кг
🥇 Мурад Чопанов, Бейтарап Атлеттер
🥈 Даики Боуба, Франция
🥉 Мухриддин Тилолов, Өзбекстан
🥉 Обид Джебов, Тажикстан
 

-73 кг
🥇 Махмадбек Махмадбеков, БАЭ
🥈 Абубакр Шеров, Тажикстан
🥉 Тацуки Ишихара, Жапония
🥉 Данил Лаварентьев, Бейтарап Атлеттер
 

-81 кг
🥇 Зелим Цкаев, Азербайжан
🥈 Заур Двалашвили, Грузия
🥉 Давид Карапетян, Бейтарап Атлеттер
🥉 Дмитри Гочиладзе, Грузия
 

-90 кг
🥇 Мансур Лорсанов, Бейтарап Атлеттер
🥈 Жеспер Сминк, Нидерланд
🥉 Гиовани Феррейра, Бразилия
🥉 Мурад Фатиев, Азербайжан
 

-100 кг
🥇 Макйл Коррел, Нидерланд
🥈 Нияз Билалов, Бейтарап Атлеттер
🥉 Арман Адамян, Бейтарап Атлеттер
🥉 Джахонгир Маджидов, Тажикстан
 

+100 кг
🥇 Валерий Эндовицкий, Бейтарап Атлеттер
🥈 Ушанги Кокаури, Азербайжан
🥉 Желле Сниппе, Нидерланд
🥉 Уткирбек Туробоев, Өзбекстан

 

Кыз-келиндер:
 

-48 кг
🥇 Сабина Гильязова, Бейтарап Атлеттер
🥈 Андриа Стожадинов, Сербия
🥉 Абиба Абужакынова, Казакстан
🥉 Мелани Легокс, Франция
 

-52 кг
🥇 Бишрэлтийн Хорлоодой, БАЭ
🥈 Сосорбарам Лхагвасурен, Монголия
🥉 Лиа Метрот, Франция
🥉 Роза Гьертяс, Мажарстан
 

-57 кг
🥇 Сейжа Баллхаус, Германия
🥈 Ирина Зуева, Бейтарап Атлеттер
🥉 Ширлен Наскименто, Бразилия
🥉 Ажеля Торпак, Азербайжан
 

-63 кг
🥇 Манон Декетер, Франция
🥈 Ива Оберан, Хорватия
🥉 Карлотта Аванзато, Италия
🥉 Жоан Ван Лишот, Нидерланд
 

-70 кг
🥇 Маргит Де Вугд, Нидерланд
🥈 Хилде Жагер, Нидерланд
🥉 Андела Виолич, Хорватия
🥉 Лара Шветко, Хорватия
 

-78 кг
🥇 Анна Олек, Германия
🥈 Хло Буттигиг, Франция
🥉 Мигле Дуденайте, Литва
🥉 Занет Михаелидоу, Кипр
 

+78 кг
🥇 Корали Хайме, Франция
🥈 Карен Стивенсон, Нидерланд
🥉 Хелена Вукович, Хорватия
🥉 Назгүл Маратова, Казакстан



✔Булак - https://www.ijf.org/competition/2657/results , askaichat

Тектеш темалар