1 июнь 2024 16:35
Кечээ Орусиянын Уфа шаарында АСА 176 мелдеши болуп өттү. Ал мелдешке 2 кыргыз мушкерибиз катышкан. Алимардан бүйүр кызыткан беттеште жеңилүү ызасын тартып калды. АСА уюму Алимарданга 25 миң $ бонус, атаандашы Гога Шаматавага 50 миң $ бонус берди.
61 кг
✅Гога Шаматава (21-11), Орусия
🤙тартыш чечим
❌Алимардан Абдыкааров (20-9-1), Кыргызстан
77 кг
✅Жакшылык Мырзабеков (12-2), Кыргызстан
🤙бирдей чечим
❌Николай Алексахин (25-8), Орусия
Бул мелдешке чейин fightmatrix.com сайтынын рейтинги боюнча Жакшылык Мырзабеков 71 кг салмак категориясында 81 упайы менен дүйнөдө 162-орунда, Кыргызстанда 3-орунда болчу. Ал эми, Алимардан Абдыкааров 61 кг салмак категориясында 106 упайы менен дүйнөдө 63-орунда, Кыргызстанда 1-орунда, ACA рейтингинде 9-орунда болчу.
✔Булак - IG: @ACA_MMA, fightmatrix.com