18 август 2024 10:38
Көк бөрү боюнча КР Президентинин кубогу 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата Чолпон-Ата ат майданында болуп өтөт. Бул турнирге 14 команда катышат. 27-август чүчү кулак кармоо иш чарасы өтүп, 28-август расмий түрдө оюндар башталмакчы. Айта кетчү нерсе командалардын оюндары олимпиадалык система менен өтөт. Тагыраагы жеңилген команда турнир менен кош айтышат.
Президенттик кубокко катышуучу командалар:
1) Ак-Суу
2) Алтын-Альянс
3) Ак-Илбирс
4) Ысык-Ата
5) Казарман
6) Ала-Арча
7) Талас шаары
8) Бапа Барскоон
9) Бийиктик
10) Ичке-Суу
11) Асанбек-Ата
12) Кара-Ой
13) Шахтёр
14) Чуй-Токмок
Оюн боюнча кыскача маалымат:
Катышуучулар Көчмөндөр оюндарына даярдыкты көрүү приоритеттүү багыт болуп тургандыктан, Президенттин кубогуна командаларды өз каалоосу менен катышууга укук берилди. Ошол эле учурда Президенттин кубогуна келбей койгон командалардын кийинки жылга 9-май турнирине ээ болгон квоталарын сактоо менен өткөрүлөт.
Натыйжада, КР Президентинин кубогу август айында бир лиганын алкагында гана өтөт. Катышууну каалаган Экинчи жана Биринчи лиганын командалары бир лигада оюн көрсөтүшөт. Ал эми кубоктон катышуудан баш тарткан командага Көкбөрү федерациясы тарабынан эч кандай санкция каралбайт. Мындан башка кубокто Легендалардын кубогу өткөрүлбөйт.
✔Булак - www.kokboru.net