22 май 2024 04:17
23.06.2024 күнүндөгү дүйнөлүк дзюдо федерациясынын (IJF) олимпиадалык рейтинги боюнча:
→ Түз квалификация - ар бир салмака алдынкы 17 дзюдочу (1 өлкөдөн 1ден көп эмес).
→ Континеттик квалификация - түз квалификацияга кошумча ар бир континенттен бир канча алдынкы дзюдочу (Азиядан 10 эркек, 10 кыз-келин)
→ Команда менен квалификация - Олимпиадага командалык оюнга 6дан 5 дзюдочусу өткөн өлкөлөр үчүн, ар бир континентке кошумча бир дзюдочуга орун берилет. Ошол дзюдочу жеке мелдешке да квалификацияланат.
Азыркы рейтинг боюнча Кыргызстандан олимпиадага 2 дзюдочубуз өтмөк:
Эрлан Шеров, -90 кг (түз квалификация)
Асад Масабиров, -81 кг (континенттик квалификация)
Бирок рейтинг 23.06.2024 чейин өзгөрөт. -66 кг салмагында Кубанычбек Айбек уулу өткөнү аябай жакын турат.
Эске сала кетсек, 2024 Олимпиада Оюндары 26.07.2024-11.08.2024 Франциянын Париж шаарында өтөт. Дзюдо боюнча эркектер арасы 7 медал топтому, кыз-келиндер арасы 7 медал топтому жана командалык мелдеште 1 медал топтому ойнотулат.
Эркектер: -60, -73, -81, -90, -100, +100 кг салмактарында
Кыз-келиндер: -48, -52, -57, -63, -70, -78, +78 кг салмaктарында
Командалык: бир командада (өлкөдө) 6 дзюдочу болот, -73 Э, -90 Э, +90 Э, -57 К, -70 К, +70 К, эки команда бири бири менен ошол салмак категоряларында беттешип, кайсы командада жеңген дзюдочулар көбүрөөк болсо, ошол команда беттешти жеңип, кийинки айлампага өтөт.
✔️Булак - ijf.org, wikipedia.org